КРнын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков коронавирусту жеңип, бүгүн, 15-июлда кызматтык милдеттерин кайра аткарууга киришти. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Эске салсак, Алмазбек Баатырбеков COVID-19 жуктуруп, сол өпкөсүнөн пневмония аныкталган. Дарылануудан соң, биринчи вице-премьер-министрдин кайра тапшырган анализи таза чыккан.
Булак: vesti.kg