Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 473

Турсунбек Акун айрым депутаттардын президентке кайрылуусуна өз пикирин билдирди. Эске салсак, кээ бир депутаттар 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоону кийинкиге жылдырууну жана өлкөгө өзгөчө абал киргизүүнү талап кылышкан.

“Мен мындай кайрылуу жасаган депутаттарды жакшы билем. Аларды сыйлайм, кээси келечегинен көптү үмүттөндүргөн, дагы бири калыс ойлонуп калыс сүйлөгөн депутаттар. Бирок ошондой болсо да мен алардын талабына өз пикиримди билдирип коюуну туура таптым”, - деди Турсунбек Акун.

Айтымында, депутаттар эрте күндө талап кылууну башташты. Шайлоого чейин убакыт көп, акыбал кайсы жагына бурулат, алдын ала айтуу кыйын.

“Биринчиден, алар шайлоону токтотууну талап кылышты. Шайлоо күнүн бекитүү президенттин ыйгарым укугуна кирет. Мамлекет башчылар парламенттик жана президенттик шайлоону дайындайт. Мен президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындаганын туура деп эсептейм. Анткени, мыйзамга ылайык, эгер президент шайлоо күнүн бекитпей койсо, анда БШК автоматтык түрдө бекитип, өзү өткөрүүгө укуктуу болот. Андай учурда президенттин бул процесске катыштыгы  болбойт.

Баарыңыздар билесиздер, президент мыйзам чыгаруу укугуна ээ. Шайлоо күнүн белгилөө  - бул шайлоо сөзсүз түрдө өтөт дегенди билдирбейт. Азыр дүйнө жүзү боюнча акыбал кыйын, пандемия күчөп жатат,  эгер кырдаал жакшы жагына өзгөрүп кетсе, оору басаңдаа, шайлоону убагында өткөрүп алганыбыз жакшы. Бийликтин эки бутагы болуп, үчүнчүсү болбой калса бул дагы оор саясий кризиске алып келет.  Эгер оору күчөп кетсе шайлоону кийинкиге жылдырып коюу мүмкүнчүлүгү да бар. Мен президент акыбал-кырдаалды байкап чечим кабыл алат деп ойлойм”, - деди укук коргоочу.

Ал белгилегендей, пандемиянын алдында жалпы адамзаты алсыз. Эч бир президент, премьер-министр жана башка аткаминерлер дарттын арты эмне менен бүтөөрүн билбейт. Андыктан шайлоо белгиленген күнгө 4 ай убакыт бар кезде эле чуу көтөрүп, “шайлоону токтотуу керек” деп талап кылуу туура эмес. Укук коргоочу мындай кырдаалды башкы курал ынтымак экенин, ынтымактуу аракет гана береке берээрин билдирди.

“Экинчи маселе, мен сыйлаган депутаттар президентке шайлоону токтото туруңуз деп кайрылып алышып, ошол эле учурда ал депутаттардын партиялары БШКга шайлоого катышууга арызды биринчилерден болуп жолдошту. Алар ушунчалык пандемия шартында шайлоо күнүн белгилөөнү өөн көрүшүп, жактырбай жатышса, мен катышам деген арыздын ордуна башка партияларды үгүттөп, кыйын кырдаалда эл эсин жыйып алгыча кое туралы, эч кимибиз арыз жазбайлы дешпейби. Депутаттардын позициясы туруктуу болушу керек, бирин айтып, экинчисин жасаган ылайык келбейт. Анан да президенттен өзгөчө абал киргизүүнү талап кылышты. Ансыз да өлкө көп убак өзгөчө абалда отурду. 26-майдан тартып эле жапа тырмак ишке чыккан эл өз оокатын өзү таап жатат. Жаңы гана кем-карчын толуктай баштаган жарандарды кайрадан үйгө камоо оор абалды жаратат. Бул жагын да ойлоо керек”, - деп белгиледи Турсунбек Акун.