Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 170

Маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды: 

"Мен абдан суранам, атамдын өлүмүн өзүңөрдүн саясий оюнуңарга пайдаланбагыла. Адам болгулачы, анын атын тынч койгула. Сеид Атамбаевдин жазгандарынын баары калп!". 

 Эске салсак, буга чейин мурдагы президент Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев соцтармактагы баракчасына Чыныбай Турсунбеков КСДПны жашыруун колдоп келгенин жазган. 

"Чыныбай Турсунбеков өзүнүн демилгеси менен Социалисттик Интернационалдын төрагасы Луис Айал менен өткөн жылы кышында жашыруун жолугушкан. Ага КСДПга каршы репрессиялардын толкуну башталаарын айтып берген. Ошондой эле жакын арада "Социал-демократтар" партиясынын катарына кошулуу чечимин жарыялоого ниеттенген", - деп жазган Сеид Атамбаев. Аягында Чыныбай Турсунбеков бийликтин басымына кабылганына карабай ксдпчылардын тарапташы бойдон калганын белгилеген.