Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 135

Азыр айрымдар илдеттин жайылышына жалгыз президентти күнѳѳлѳп, орусча айтканда, аны «крайний» кылууга жан үрѳп жатышат. Бул  социалдык тармактарда жазылган пост, билдирүүлѳрдѳн байкалып калууда. Бирок оорудан саясат жасап, президентти каралап, элге жек кѳрсѳтүп, күнѳѳнү жалгыз  ѳлкѳ башчысынан издѳѳ туура эмес.  Ачыгын айтканда, азыр  президентке да  оңой болуп аткан жок. Колдон келген аракеттерди кѳрүп, кырдаалды жеңилдетүү чараларын кылууда. Бирок илдет тилекке каршы, чечим, чектѳѳлѳрдү киргизүү менен эле кете койбойт тура… Оору чырмоок чѳп сыяктуу тамырын кенен жайып алды. Анын тамырын кыркканга убакыт, элибиздин сабыры, түшүнүп колдоого алуусу, биримдик керек болуп туру… 

Бүгүнкү күндѳ биздин максатыбыз – биримдик менен илдетти жеңишибиз керек болуп турат. Мейли, бийлиги, мейли оппозициясы, аркы жээк менен берки жээги болсун, максатыбызды ооруга каршы бириктиришибиз кажет. Азыр күнѳѳлүүнү издеп, андан саясат жасай турган мезгил эмес. Ушуну эл, журт башкарам деген атуу баштуулар түшүнүп, колдорунан келсе элге ѳйдѳдѳ ѳбѳк, ылдыйда жѳлѳк болуп, ѳлкѳ башчысына колдоо кѳрсѳтүшү гана керек. 

Жараткандын колдоосу, элибиздин биримдиги менен бул күндѳрдү да жеңебиз. Ошондо күнѳѳлүүнү издеп, саясат жасай бересиңер, урматтуу кырдаалдан упай алууну кѳздѳп, жаны жай албай аткандар!

 

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист