Парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар бул тууралуу он күндүн ичинде БШКга тийиштүү арыз бериши керек. Бул тууралуу Абдыжапар Бегматов билдирди.
Айтымында, партиялар он күндүн ичинде БШКга өздөрүнүн шайлоо жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жөнөтүшү зарыл. Добуш берүүгө калган кырк күндүн ичинде съезддерин өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүүлөрү керек. Ошондой эле партиялар шайлоо фондун түзүп, беш миллион сом күрөөнү да которууга тийиш.
"Эгер талаптардын бирөөсү мөөнөтүндө аткарылбаса, же тизмеде квоттоо эрежеси сакталбаса анда ал партия каттоого алынбайт. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жалпылоо иш чараларына тыюу салынат. Ошондуктан концерт өткөрүп, спорттук мелдеш уюштуруп, стадиондорго шайлоочуларды чогулта алышпайт", - деди Бегматов.