Бул тууралуу аталган партиянын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.
Ал белгилегендей, саясий партиянын башкы башкаруу органы болуп анын саясий кеңеши эсептелет.
“Экинчиден, сатып алуулардын жол-жобосун мындай үстүртөн иликтөө жана ачыктан ачык фактыларды бурмалоо “Биримдик” партиясына көлөкө түшүрүү аракети катары бааланат. Бул жерде тендерлер, беткаптар жана саясий партия баары аралашып калган”, - деп белгиленет маалыматта.
Басма сөз катчысы билдиргендей, жалган маалыматтарды таркатуу аркылуу партиянын аброюна шек келтирүүнү көздөгөн чабуулдар байкалып жатат.
“Бүгүнкү COVID-19 менен күрөш жүрүп жаткан азыркы кырдаалда мындайды моралдык жагынан алганда түшүнүү кыйын. Биз ачык-айкындыкты колдойбуз жана өкмөт коомчулукка пандемияга каршы туруунун бардык мезгилиндеги медициналык каражаттарды жана жабдууларды сатып алуунун өзгөчөлүгү тууралуу такталган маалыматтарды берет деп эсептейбиз”, - деп кошумчаланат билдирүүдө.
Булак: media-center.kg