Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 168

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Манипуляция боюнча мыйзамдын кабыл алгандыгы тууралуу көз караш.

Кыргыз Республикасы «демократия, адам укугу жана сөз эркиндиги» деп көп жылдардан бери күрөшүп келебиз. Айрыкча сөз эркиндигине жетишүү биз үчүн оңойго турган жок. Биз күрөштү баштаган тээ 1990-жылдарда өлкөдө бир дагы көз каранды эмес басылма же гезит жок болчу. Бардык маселени өзү каалагандай Кыргызстан Коммунисттик партиясы чечип келген.

Ал кезде деле Компартияга каршы күрөшүү ар кимдин эле колунан келбей турган иш болчу. Акыры Компартияга каршы альтернативдүү уюм катары Кыргызстан Демократиялык Кыймылын» (КДК)  түзүп сөз эркиндиги үчүн күрөшө баштадык. Ошентип эң алгач КДКнын алдында «Майдан» деген гезит ачып, сөз эркиндиги үчүн чыныгы күрөштү баштаганбыз. Демократияны өнүктүрүү багытында көптөгөн ийгиликтерге жетишип, демократиялык институттар иштеп, «Кыргызстан - Борбордук Азиядагы демократиянын аралчасы» деген атка да кондук.

Азыркы Азаттык радиосун 2000-жылдары Акаевдин бийлиги куугунтуктап анан жабуу коркунучу келип чыкканда, биринчилерден болуп Акаевге сөз эркиндигин муунтуп жаткандыгын ачык айтып чыкканымды Азаттыктын кызматкерлери унутпаса керек, БИЗДИН КАТУУ ТАЛАПТЫН НЕГИЗИНДЕ ГАНА “АЗАТТЫК” САКТАЛЫП КАЛГАН. (Милдет кылгандай болбойун, бирок ошону эскерткенге айрым адамдардын кыймыл-аракети түртүп жатат).

Андан соң демократиялык күчтөрдүн, өкмөттүк эмес жана укук коргоочу уюмдардын, журналисттердин жана жарандык  активисттердин аракети менен көз каранды эмес телевидениелер, радиолор, гезиттер, массалык маалымат каражаттары пайда болуп, бийлик органдарын жана бийлик өкүлдөрүн сындаган материалдарды чыгарып, канчалаган коррупциялык иштердин бети ачылды. Бул багытта чоң иштер жасалды.

Азыркы “демократия жана сөз эркиндиги" жөн эле жерден асмандан түшүп калган жок. Дал ушул демократия үчүн бир топ адамдар жаштыгын, өмүрүн арнады. Алардын астынын көзү өтүп да кетти.

Мисалы: менин эле сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн өз өмүр жолумдагы оор учурларды айтууну туура көрдүм. Акаевдин доорундагы 2001-жылы кичи уулум Нургазыга үйдүн жанынан белгисиз адамдар кол салып, учтуу предмет менен башына уруп кетишкен. Уулум реанимацияга жатып, башынан операция болуп жакшы эле азап тарттык. Күнү-түнү УКМКнын кызматкерлери үйүбүздөн кетчү эмес. Ошол кезде көз каранды эмес маалыматтарды журналисттер биз аркылуу алып турган.

Мен сөз эркиндиги үчүн деп Акаевди жактаган гезиттер менен соттошуп, акыры алар 1500 млн сом айып пул төлөөгө мажбур кылган. Алты ай бою ошол гезитттер менен соттошуп, көрбөгөн кордуктарды көрүп жатып сөз эркиндигин сактап келдик. Ал эми Нургазы уулумдун окуясы бир гана мисал.

Мына ушундай талаш-тартыш куугунтук, бир күнү темир торго камалып, бир күнү сабалып, 15 суткалап уурдалып жүрүп Кыргызстанга демократия жана сөз эркиндигин биз алып келдик деп айта алам.

Эми азыркылар ошол кездеги биз коргон кыйынчылыктарды көрбөй туруп, сөз эркиндиги деп куру кыйкырык кылганын көрүп кейип кетем.

Өлкөдө интернет сайттар да ээн-эркин иштеп, өз пикирлерин эркин билдирип, маалымат каражатынын өтө ишенимдүү  булагына айлана баштады. Элдин көпчүлүгү азыр маалыматты интернет аркылуу алып, расмий мамлекеттик телеканалдарга же радиолорго ишенбей, өзүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзө алышты.

Бирок «сөз эркиндиги» деген терминди жамынып алып, айрым адамдар, кээ бир маалымат каражаттары «жалган, калп маалыматтарды таратуу» да алектенип жатканын да көрүп жатабыз.

Демек, “сөз эркиндиги” сөзсүз болуш керек, бирок фейк жалган маалыматтарсыз. Жарыяланган материалдардын баары бардык жагынан такталган, текшерилген маалыматтар болушу зарыл. Бирөөлөрдүн аброюна, адамдык ар-намысына шек келтирген каралаган материалдар жарыяланбашы зарыл. Адамдын аброюн атайын каралаган маалыматтар сөз эркиндиги эмес, кылмыш иши катары эсептелип, мыйзам тарабынан өзүнүн баасын алышы керек.

Ал эми жалаң тастыкталган маалымат менен иштеген маалымат каражаттары мындан эч коркпоосу зарыл. Эгер андай маалымат каражаттары жалан чындыкка дал келген материалдар менен ишетесе, аларды коом бардык учурда колдоп алат.

Ошондуктан интернет басылмаларга кээ бир чектөө салган мыйзам долбоорунун кабыл алынышын эч трагедия көрүштүн кереги жок. Айрыкча, пандемия убагында канчалаган адамдар карандай калпты сүйлөп, туура эмес маалыматтарды таратып, эл арасына дүрбөлөң салып коомчулукту чоң сыноого салды. Уулуттук коопсуздук органдары аларды убагында таап, бетин бетин ачкан күндө деле дал ошондой терс калп матераилдардын натыйжасын мына учурда көрүп жатабыз.

Депутаттар мыйзамды кабыл алууда адегенде комитеттерде фракциянын жыйындарында талкуулашат, талашат жана тартышат. Ар бир депутат өз аргументтерин келтирип, далилдешет. Анан жалпы жыйында ар бир депутат өз позициясын билдирип, өзүнүн болгон мүмкүнчүлүгүн көргөзөт. Беш-алты депутат бул мыйзамга каршы сөз сүйлөп, мыйзамды өткөрбөй коюу үчүн бардык күч-аракетин жумшашты. Бирок жыйынга катышкан депутаттар көпчүлүк добуш менен мыйзамды кабыл алып коюшту. Мына демократиянын белгиси ушул.

Ошондуктан мыйзамды өткөрө албай калган депутаттар жалпы регламентке баш ийип, жеңилишин мойнуна алып, конструктивдүү иш кылуулары зарыл.

Ошондуктан бул кабыл алган мыйзамга убакытты өткөрбөй, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюшун суранабыз.

 

Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК)  төрагасы Турсунбек Акун