Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 119

Мындай убаданы президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Жээнбеков кайсы бир партияга эмес, Кудайга жана элге ишенерин, эч кимге материалдык да моралдык да карызы жок экенин айтты.

«Кайсы бир партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен деген сөздөрдү угуп жатам. Партия жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары мамилем болушу мүмкүн, бирок президент катары эч кимге материалдык да, моралдык да карызым жок»,   деди Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчы кайсы бир партияга эмес, элге таянарын, ички эркиндиги бар экенине ишендирди.

«Шайлоонун таза өтүшү менден жана өкмөттөн көз каранды эмес. Азыркы депутаттардын көпчүлүгү кайрадан шайлоого аттанат деп ойлойм. Мен сиздерди да, калган башка саясий партияларды да шайлоону таза өткөрүүгө чакырам. Үгүт иштерин жүргүзүүдө ыплас шайлоо техникаларын пайдаланбай, «асмандагы айды алып берем» деп элди куру убада менен алдабай, реалдуу программанын негизинде шайлоо өткөрүү ар бир партиядан, ар бир талапкерден көз каранды», -дейт мамлекет башчы.

Булак: Маралфм