Урматтуу мекендештер!
Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга делегация курамындагы адамдардан коронавирус табылып, катыша албай, Москвадан кайтууга мажбур болгону өкүндүрдү. Мамлекет башчысы Жеңиш парадына катышуудан баш тартып, ага сый конок катары чакырылган согуш ветерандарынын, башка өлкө лидерлеринин ден-соолугун өйдө койгон аракетин туура түшүнсө болот. Ошол эле мезгилде кыргыз президентинин башка мамлекеттердин лидерлери катышкан ири иш чарага катыша албай калышы бүтүндөй өлкө элине, мамлекетибизге саясий-экономикалык жактан орду толгус сокку урду.
Анткени президент аталган иш-чаранын алкагында коншу өлкө башчылары менен ынгайын келтирип жолугушуп, төмөндөгүдөй маселелерди токтоосуз чечип келиши зарыл болчу:
Биринчиден, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов менен чек-ара маселесин тар чөйрөдө талкуулап, эки өлкөнүн тийешелүү мамлекеттик кызматтарына конкреттүү тапшырма берүүгө жетишүүсү учурдун талабы эле.
Экинчиден, учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба товарлары жүктөлгөн ири автоунаалардын казак-кыргыз чек арасында кармалып турушун Евразия Экономикалык Кызматташтыктын алкагында казак президенти Касым-Жоомарт Токаев, зарыл болсо Владимир Путин менен өнөктөш өлкө жетекчилери катарында өз ара сүйлөшүп чечиши зарыл болчу.
Үчүнчүдөн, бизди эң өкүндүрүп, кыжаалат кылганы – Улуу жеништин 75 жылдык мааракеси экинчи жолу кайталанбай турган тарыхый жана саясий жактан мааниси зор иш-чара, ал бүгүнкү кыргыз президентинин бактысына туш келип олтурат. Демек, президентин мына ушундай улуу мүмкүнчүлүктү пайдалана албай, тарыхый-саясий мааниси зор иш-чарага катышпай калышы мамлекет башчыбыздын өзү үчүн да, элибиз үчүн да абдан өкүнүчтүү окуя болуп калды. Натыйжада Мамлекет башчыбыз Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан катышкан 360 миңден ашуун ата-бабаларыбыздын жана согуштан кайтпай калган баатырларыбыздын арбагын эскерип, башка өлкөлөрдүн лидерлери менен катар гүл чамбар кое албай калды! Бул факт биздин ар бирибиздин жүрөгүбүздү оорутуп турат!
Учурдагы эпидемиологиялык абал ошентип баардыгыбыздын тынчыбызды алып турат. Мындай шартта эмне кылыш керек? Эң алды элди алдаганды токтотуш керек! “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт!”- деп коёт кыргыз элинде. Бүгүн элге туура эмес маалыматтар көп берилип, чиновниктердин калпы чыгып жатат. Буга Президент өзү да күбө болду. Чындыкты айтып, эл менен бөлүшүп гана чогуу апаатты жеңсек болот.
Бүгүн экономика өтө оор абалда... Карантин, “ЧП” режими кайра киргизилсе абалыбыз огобетер оорлойт! Азыр эмне чектөө киргизилбесин, ал карапайым элге зыяны тийбегендей болушу керек.
Элге да кайрылам... Карантин алынаары менен санитардык талаптарды толук сактаган жокпуз. Себеби, чиновниктер элге үлгү болгондун ордуна, режимди өзүңөр бузуп жатасыңар! Бул катачылык экс-премьер-министрди узатуудан башталып, арты чиновниктердин той-аштары менен коштолду. Биз чиновниктерден үлгү албай, дарыгерлердин айтканын кылып, санитардык режимди сактайлы!
Камчыбек Ташиев,
“Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын тең-төрагасы