“Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиевдин журналист Майраш Базлакуновага берген ачык маеги коомчулукта чоң талкууга алынып жатат.

Карапайым адамдарга жакындыгы, чындыктан тайманбаган, эл дегенде керек болсо жеке керт башын тобокелчиликке салып жүргөн чыныгы элдик саясатчынын айткан-дегендери баарына эле жага бербеси бышык. Айрыкча, кылган ишинен дайыны жок, сөөк ыргытып койсо шыйпаңдап бара калганга маш, мурдунун учунан алысты көрө албаган, өзүн гана ойлогон куучирен, “фас” дегенде арзыматтык, кошоматтыкты катыра кылып жүргөн, ошого карабастан өздөрүн “адаммын” деп кооз чүмбөттүн ичине салып алып, электоратты дагы да алдап кайра бийликке жеткиси келген кузгундардын тобуна мынабул Ташиевдей адамдар эч жакпайт! Азыркы саясий коньюнктураны эске алып, кошоматчылыктын гана негизинде кайрадан парламентке келүүнү көздөп жаткан партия лидерлери үчүн Ташиев чоң коркунуч. Анткени, алардын баары К.Ташиевдин артында калдайган электораты бар экендигин, кимдин планы кандай болбосун, аттанып чыккан шайлоодо көздөгөнүнө жете алчу касиетин да мыкты билишет. Дал ошондуктан, аламан жарыштын алдындагы Ташиевдин аракетине булар колдон келишинче бут тосконго аракет жасашат.

Эки күн мурда жарык көргөн маегинен кийин да ошондуктан, “фас” деген команда кетти... Боктоп, жамандап эле жатып калышты, “Кудай мындай мүмкүнчүлүк бербеспи...”- деп. Досу Садыр Жапаровду сатпай, таштабай, керек болсо анын партиясын жетектеп бара турганын укканда карапайым адамдар абдан сүйүнүштү. Себеби, эл достукту өйдө койгон сапатты дайыма баалап келген. Бирок, саясатчыларга эки достун чогуу шайлоого баруу ниети жакпай калды. Бул альянстын себеби дегенде, келечеги мыкты экендигин билишет. Чочуп кетишип, башка нерсе таба алышпай, кайра эле Бакиевге жабыштырып жатышат. Бул эски чийилген пластинканы кайра-кайра кое беришкендиктен, мындай жомокко эл ишенбей калган. Бул ирет да ошондой болду, уккан адамдар баш чайкап, “дагы бир лапшаны илип атышат, шайлоонун алдында Ташиевди эптеп жаманатты кылууну көздөшүүдө”- деп айтышууда.

Шайлоонун алдында мындай кара пиар адатынча күч алат. Бирок, Камчыкени биз дагы жакшы билебиз го, аны шыбаган, жамандаган, бут тоскон сайын курчуйт! Ансайын ал күч ала берет!