Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 102

Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин башчысы Дастан Догоев кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазды.

Буга чейин Догоев Гарвард университетине окууга өткөнү айтылган.

Азырынча буйрукка кол коюла элек. Ал бул кызматка 2019-жылдын 30-майында дайындалган болчу.

Ал эми айрым маалымат булактарында Догоевдин ордуна талапкер болуп аталган комитеттин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев сунушталып жатканы тууралуу маалыматтар айтылды.

Булак: govori.tv