Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 71

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Артыкбаев Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш иште айыпталуучу болгон. Ал Бишкектин Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрдагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски редакция) 30-берененин 3-бөлүмү, 303-берененин 2-бөлүмү, 304-берененин 4-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылган. 2020-жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Свердлов райондук сотунун өкүмү айрым өзгөртүүлөр менен күчүндө калтырылган.

Жазык-процесстик кодекстин 420-беренесине ылайык, апелляциялык инстанциянын өкүмү ал жарыялангандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. 2020-жылы 23-мартта Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын Артыкбаевге карата айыптоо өкүмү күчүнө кирген.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин көрсөтүлгөн негиздемелер боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия негиз пайда болгондон баштап 30 күндөн кем эмес убакытта кабыл алат.

Булак: Баракелде