Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин дарегине айтылган сындар жана  нааразычылыктар дагы күчөйт окшойт.

Тагыраагы, экс-депутат Ыргал Кадыралиева  “Фейсбуктагы” баракчасына: “Өкмөт башчы элдин тагдыры менен ойноп жатат. Ош, Жалалабад облустарында кенедей балдарга ВИЧ инфекциясын (СПИД) жугузууга жол бергендиги үчүн кызматтан кеткен кишини министр кылып алып келди”- деп жазды.

Бул өтө олуттуу айып. Мындан улам, “ВИЧ инфекциясын ымыркайларга жугушуна жол берген адамдын коронавирус менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү жетеби? Элдин убалына калбайбы?” деген ой жаралууда. Эмнеси болсо да, бул факты боюнча жаңы министр үн катып койсо – баарыбызга жеңил болот эле!

Чынайым Кутманалиева