Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 12-апрелде өтөт.

Бирок бул саясый компаниянын алдында аталган шаарларга айыл жеринен келип жапырт каттоого турган адамдардын саны көбөйүүдө. 1-январдан 11-февралга чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.

Мисалы, Ошто жергиликтүү шайлоо алдында убактылуу каттоого турган жарандардын кескин көбөйгөнүнө байланыштуу прокуратура Ош шаарынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн жетекчисине эскертүү берди. Соцтармактарда бир эле үйгө 1300 адам катталгандыгы жарыяланууда.

“Ошто шайлоо алдында жогорку окуу жайынын окутуучулары студенттерден каттоого туруш үчүн паспортторун талап кылганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлар чыккан. Анда окутуучулар бул үчүн студенттердин окуусуна жардам берери айтылган” -  деп билдирди Башкы прокуратура.

Аталган факт Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39-192 «Добуш сатып алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан. Ал эми күзүндө парламенттик шайлоо болорун эске алганда, шайлоонун шайтан оюндары эмитен эле башталгандай...

Булак: “Майдан.kg” гезити, №07 (442), 19.02.2020-ж.