Анын ар бирин өз-өзүнчө берип жатабыз. Буга чейин ал Сооронбай Жээнбеков жана ЖК депутаттары: Иса Өмүркулов, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов жана партиясы жөнүндө айтып берген. Маек куруп жатканда Өмүрбек Текебаевдин атын көп жолу атады жана буга чейин деле далай жолу атын атап, сындап келген. Ошондон улам, “Текебевдин атын атап каласыз, ал киши эмнеси менен сизге жакпай жатат?”,-десек, ал партиянын лидерлери бизнесмен болуп калганын баса белгилеп, “Текебаев түрмөдөн чыгып келип алып, элди дүрбөтүп жатат, “кымбат шайлоо болот”,- деп. Минтип эрте эле айтканы туура эмес. Мен ушуну айтып жатам“,-дейт. Аны  төмөндөгү видеодон көрүңүз:
Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе жаңылануу, тазалоону ниетте «Атамбаевсиз КСДП» (Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда) кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Быйыл, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөргөн.

Булак: KyrgyzToday.kg