Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 69

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 17-январда «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушканда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Абылгазиев бул каражат балдарды руханий өнүктүрүү жана тарбиялоо үчүн мамлекеттик буйрутманын алкагында бөлүнгөнүн билдирди.

- Тасмада эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо, жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт, – деди премьер-министр.

Жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин режиссеру жана сценаристи Айбек Дайырбековго премьер-министрдин энчилүү саатын тапшырды.

«Дарак ыры» - сүйүү, жаратылыш, салт-санаа темасын камтыган тарыхый мюзикл жана кино дастан. Ал буга чейин бир катар эл аралык сыйлыктарды алган. 

azattyk.kg