Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 190

 

Дал ушул жасалма диплому аркылуу ал КР ТИМинин алдындагы дипломатиялык академияга тапшырып, аны да аяктаган деген диплому бар. Биринчи диплому жасалма болгондон кийин, ал аркылуу алган экинчи диплому да жараксыз болуп табылаары белгилүү да? Анан дагы жасалма диплом алуу – бул кылмыш болуп саналат.

Ошол жасалма диплом менен ал «Учкун» АКнын жетектеген, маданият министринин милдетин аткаруучу болгон, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы да боло калган. Ошондо ал бул кызматтарды мыйзамсыз ээлеп, мамлекеттен айлык акыларды мыйзамсыз алган болуп саналат. Бир сөз менен айтканда мамлекетке зыян келтирген. Канча зыян келтиргенин албетте эсептеп чыгыш керек.

Эгерде Рыскелди мырза чындап эле өз өлкөсүнүн патриоту болсо, чындыкты гана айта турган болсо, анда жасалма диплом алган кылыгын мойнуна алып, калың кыргыз калкынан бир кечирим сурап койбойт беле? Анткен жок, тескерисинче «мени каралап жатышат» деп кутулган.

Себеби, анда уят, абийир деген баалуулуктар жок. Эгер эртеңки күнү ага «Жасалма документ жасоо» боюнча кылмыш иши козголсо, анда дароо «мага саясий куугунтук башталды» деп кыйкырып чыгат. Күнөө өзүндө экенин айткысы келбейт. Мына ушундай Рыскелди мырзанын чыныгы жүзү.