Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 611

 

Картинки по запросу роза отунбаева

 

Экс-президент Роза Отунбаева сыртынан таза саясатчыдай болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгына, тынчтыгына, стабилдүүлүгүнө күйүп жаткандай түр жасай алганы менен, өзү өзөгүндө Батыштын гана саясатын тымызын жүргүзгөн саясатчы экени белгилүү. Аны башынан жакшы билгендер «Отунбаева Американын шпиону» деп коюшат. 


Көрсө, Роза апчебиз чындыгында эле Кыргызстандын кызыкчылыгын эч качан биринчи орунга койгон эмес экен жана койбойт дагы окшойт. Ал кайсыл жерден жакшыраак акча табыла турган болсо, ар дайым ошол жакка ыктай берет экен. Мисалы, ал «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаевди эмне үчүн колдоп, сот процесстерине чейин катышып жатат деп ойлойсуз? Көрсө, Текебаев камакка алынгандан кийин Роза Исаковнанын капчыгы мурдагыга салыштырмалуу бир нече эсеге калыңдап кетиптир. Себеби, мурда Текебаев АКШ тарабынан алып келген жетишээрлик финансылык, саясий жана маалыматтык колдоолорду, ошондой эле АКШ тарабынан келген каражаттарды контролдоо Отунбаевага өткөн тура. Ошондон улам Текебаевге ыраазычылыгын билдирип, анын сот процесстерине барып жатыптыр. 2017-жылдын 7-февралында УКМКнын борбордук имаратынын жанында Ө. Текебаевди колдогондордун митинги өтпөдү беле? Ошондо сөз сүйлөгөн Р. Отунбаева митингдин катышуучуларын бийлик тараптан саясий ишмерлерге басым болбошу үчүн биригүүгө чакырган. 


2016-2017-жылдары Р. Отунбаева Европа мамлекеттериндеги жана АКШдагы Кыргызстандын дипмиссиясынын башчылары менен автивдүү жолугушууларды өткөргөн, ошондой эле АКШда, Бельгия, Германия, Түркия жана Кытайда өткөн түрдүү конференцияларга катышкан. Ал конференцияларда батыштын кызыкчылыктарын Кыргызстанда жылдыруу маселелери талкууланган. 


Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Р. Отунбаева бийликке каршы, коомдук-саясий абалды курчутууга кызыкдар саясатчы лидерлер активдүү жолугушкан. Ошону менен катар эле Ө. Бабановдун кызыкчылыгын тымызын колдогон эле. 


Отунбаева ошол убакта аракеттеги бийликти дискредитациялоо, анан дагы КСДП башкаруучу партиясынын талапкерин жаманатты кылуу жана шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санатуу максатында эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен түрдүү жолугушууларды өткөргөн. Ошону менен катар эле ал түрдүү коомдук кыймылдарды түзүүнү демилгелеп чуркап жүргөн. Алардын ичинде «Таза шайлоосуз, таза коом жок» деген жарандык кыймыл болгон. 


Кыязы, ал ушундай аракеттери менен Бабановдун жеңишин камсыздап берем деп ойлосо керек. Бирок, шайлоонун жыйынтыгы ал каалагандай болбой, ишенген Бабанову шайлоодон кийин кылмыш иштеринен коркуп, чет өлкөгө качып кеткени белгилүү. Ошондон кийин Отунбаева үчүн республикабыздагы саясий процесстерге таасир этүүнүн жана Батыш мамлекеттеринин өзү менен кызматташуусуна кызыкчылык арттыруунун бир гана жолу калган. Ошого байланыштуу Роза апчебиз чет мамлекеттерге өтө көп чыгып, эл аралык конференцияларга катышып келет. 
Жакшылап баам салган кишиге бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү бейөкмөтчүлөр Роза Отунбаеванын көрсөтмөсү менен иштеп калган сыяктуу. Р. Карасартова, Д. Ошурахунова, Ч. Жакупова, А. Бусурманкулов, А. Турдукулов, К. Сооронкулова, Б. Усманова сыяктуу бейөкмөтчүлөрдүн баары менен Роза Отунбаева тыгыз кызматташтыкта болуп жатканын жаап-жашыра албай калды. Р. Отунбаева, А. Турдукулов, Р. Жээнбеков, К. Дүйшөбаев, К. Кошалиев сыяктуу бир катар саясатчы, жарандык активисттер «Туруктуу элдик кеңеш» деген комитет түзүшүп, ал аркылуу өлкөбүздүн аймактарында кичи курултайларды өткөрүүнү демилгелеп жүрүшөт. Ачыгын айтканда, ушуга окшогон иш-чаралардын баарына Роза Отунбаева батыш мамлекеттеринен ири суммада каражат таап келип жатыптыр. Ошондо Роза апчебиз да экс-президент деген саясатка аралашпашы керек экенин унутуп калган болуп жатабы? Балким ага экс-президент деген статустун да кереги жок болуп калгандыр?