Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 86

 

 

 "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова депутаттар Ирина Карамушкина менен Аслеь Кодуранованын суракка мажбурлоо жолу менен алынып келингени боюнча пикирин билдирди. Айтымында, депутаттык иммунитет алар кылмыш болгон жерде болсо күчүн жоготот. 

 

"Аларды кандай максатта - күбө катарыбы, же шектүү катары - суракка алып барышканын билбейм. Бирок, кеп өзгөчө оор кылмыш - укук коргоо кызматтарына адам өлүмү менен коштолгон каршы туруу жөнүндө болуп жатат. Башкача айтканда, жалпы денеге зыян келтирүү аракеттери болду, ок атуучу куралдар колдонулду, жабырлануучулар көп, бир адам каза тапты. Алар иммунитетке ээ болгон учурда да, кылмыш болгон жерде жүрүштү. Укук коргоо кызматтарын жаманатты кыла берүүнү токтотуу керек. Биз өлкөдө укуктук тартип болушун каалайбызбы? Анда, укук коргоо кызматтары да жөнөкөй жарандар сыяктуу эле корголушу керек", - деп билдирди Чолпон Жакупова "Азаттыкка".