Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 250

 

Кечээ, 8-августта Кундуз ЖолдубаеваАлмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Ички иштер министрлигинде атайын багыттагы аскерлердин барымтага алынышы боюнча козголгон иш боюнча күбө катары суралды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта АКИpress агенттигине К.Жолдубаеванын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

«Аны Алмазбек Шаршеновичтин Кой-Таштагы үйүндө 7-8-августта эмне болгону тууралуу суракка алышты», - деди ал.

Кой-Таштагы абал: Күндүн хроникасы. 8-август

Сүрөт, видео: Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү ок атышуу. Учурдагы абал. 7-август

Жактоочу тергөөдөгү купуяга таянып, сурактын чоо-жайы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

ИИМ Алмазбек Атамбаевди кечээ, 8-августта экинчи чабуулдан кийин кармады.

"Акипресс"