Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 130

 

Орусия Кыргызстанга колдоосун уланта берет. Бул тууралуу 9-августта Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев билдирди.

“Мүмкүнчүлүккө жараша биздин дос жана өнөктөш Кыргызстанга жардам, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Мындан ары дагы ушундай болот, эч күмөн санабагыла» деди Медведев.

Орус өкмөтүнүн башчысы Чолпон-Атага Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.

Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды.

Жээнбеков Медведев Кыргызстанга дайым өзгөчө мамиле кылган жакын дос экенин айтты. Орусиянын президенти Владимир Путиндин быйыл март айында Кыргызстанга мамлекеттик визити ийгиликтүү өтүп, кыргыз-орус кызматташтыгы активдүү динамика жана конкреттүү мазмунга ээ болгонун белгиледи.

Бүгүн Чолпон-Атада Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышууда. 

"Азаттык"