Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 311

 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып, ал Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилди.

 

Ишти судья Адылбек Субанкулов карап, ал Башкы прокуратуранын башкармалыгынын өкүлү Д.Келдибаевдин өтүнүчүн канаатандырган.

 

Атамбаев тергөө өндүрүшү жүргөн убакка, 26-августка чейин кармалды.

 

Ага Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү (“кылмыш уюштуруу же аны башкаруу, ошону менен катар уюшкан топ түзүү же кылмыштуу уюм түзүү, аны башкаруу”) жана 319-берене (“коррупция”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө.

 

Андан тышкары, прокуратура Кой-Таштагы атайын операция учурунда каза тапкан жоокерге байланыштуу “адам өлтүрүү” фактысы боюнча да тергөө баштаган.