Бабановдун кырдаалдан пайдаланып, Кыргызстанга кайтып келүүнү көздөгөнүн сындагандар да, колдогондор да арбын. Анын учакта олтурган фотосүрөтү да жарыяланды.

 

Ө.Бабановдун үстүнөн эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси, президенттикке талапкер катары Оштогу “Амир-Тимур” кичи районунда эл менен жолугушууда улут аралык кастыкты козуткан сөздөрдү сүйлөгөндүгү үчүн. Экинчиси, Бабанов бйиликти күч менен тартып алууга, массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген.

 

Демек, Ө.Бабанов учуп келери менен кармалат. Муну УКМК да жашырбай, кечээ айткан.

 

Буга чейин Ө.Бабанов бир ирет өлкөгө кайтып келүү аракети көргөн. Миңдеген талапкерлерин ишендирип алып, убакыт келгенде артка чегинген. Эми мунусу кандай болуп аяктайт, көрө жатаарбыз...