Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 68

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган жарандардын саны 80ге жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо минситрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, 7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, «Тез жардам» линиясы менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 53. Дарыгерлер 21 кишиге жеринде жардам көрсөтүшкөн. Мунун алдында барымтадагы атайын кызматтын алты аскери коё берилген. Алардын саламаттыгын дарыгерлер текшерип жатат. Ушул тапта бир адам Чүй облустук ооруканасынын реанимациясында. Абалы орточо оор.

Дарыгерлер Травматология жана ортопедия борборунда жаткан Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалын өтө оор деп мүнөздөп жатышат. Ага эки жолу операция жасалды, азырынча эсине келе элек. Дагы бир күч органынын кызматкери алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Учурда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болуп жатат. 

"Азаттык"