Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 96

Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында билдирди.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов тиешелүү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кызматынан кетиши керектигине токтолуп: “Мындай кырдаалга жол бербешиңиздер керек болчу. Атайын операция башаламан жүргүзүлгөнү анык көрүндү. Натыйжада бейкүнөө кызматкер каза таап, карапайым эл жабыркады”, – деди.

Ошондой эле депутат Талант Мамытов кырдаалга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түздөн-түз күнөөлү экенин ачык айтууга чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакырган. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү жана тиешелүү күч түзүлдөрүнүн жетекчилери катышууда.