Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 68

 

- Солтон-Сарыдагы эл менен кытайлык компаниянын ортосундагы маселени кантип чечиш керек? Өкмөт дагы бир жолу алсыздыгын көрсөттүбү?

 

 

- Кен байлыктарды иштетүү багытындагы чогулган маселелерди, азыркы күнү  өкмөт да , парламент да чече албайт. Мамлекеттин кадр саясатына реалдуу түрдө кожоюндук кылып жаткан президенттик аппарат гана чечкиндүү кадамдарга барып, бул маселени иш жүзүндө аткарууга коом астында ачык саясый милдетти өзүнө алуусу зарыл. Нааразычылыктар күчөп, улам барган сайын элдин аймактык көйгөйлөрү саясый тирешүүлөрдүн куралына айланып бара жатат. Ошондуктан, Сооронбай Шарипович мамлекеттүүлүктүн иштерин сапаттуу жүргүзүүгө жөндөмдүү, коомчулук туура кабыл ала турган аткаруу өкмөтүн негиздөөгө саясый чечим кабыл алуусун коомчулук талап кылып жатат. Тез арада кен байлыктарды туура иштетүү мыйзамы парламентке сунушталып, улуттук кызыкчылыктарды коргоо багытындагы мамлекеттин маанилүү стратегиялык иштерине жол ачууга саясый иш аракеттерин көрсөтүүсү зарыл. Болбосо, бул маселе чечилбей, өтө оор саясый-экономикалык кризиске барып такалабыз.

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити