Мамлекет башчысы Атамбаевдин мыйзамга баш ийбей жатканын баса белгиледи.

 

"Экс-президент А.Атамбаев тергөөгө үч жолу чакырылган. ИИМдин жетекчилери үйүнө барганда да киргизбей когйон. Кечээ мыйзамдуу талаптардын негизинде Атамбаевди күбө катары тергөөгө алып келүу аракети жасалды. Бирок, Атамбаев Конституция жана мыйзам талаптарына баш ийбей, тоскоолдук кылды. Куралдуу каршылык көрсөттү. Бир канча адам жаракат алды, бирөө октон каза болду. Бул баланын өмүрү бийликтен да, кызматтан да кымбат турат. Маркумдун туугандарына. жакындарына көңүл айтам",- деди ажо.