Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 39

 

- Солтон-Сарыдагы эл менен кытайлык компаниянын ортосундагы маселени кантип чечиш керек? Өкмөт дагы бир жолу алсыздыгын көрсөттүбү?

 

 

- Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштетип жаткан аймактын маселеси татаалдашып калды. Мындан бир канча күн мурда дал ошол кен казып жатканда оболу койлор массалык түрдө кырылды. Мамлекеттик экспертиза “койлор мышьяктан өлгөн экен” деп жыйынтык чыгарды. Бирок, жайлоого эң уулуу зат - мышьяк кайдан барган, ким алып барган (?) деген суроо жоопсуз калды. Андан көп өтпөй эле ошол эле аймакта уйлар өлүп баштады. Дагы эле мамлекеттик экспертиза “уйлардын өлүмүнүн кен казууга тиешеси жок. Уйларга тиешелүү илдеттен өлдү”- деп чыгышты. Ал эми Нарын райондук админстрациясы “ошол аймактагы малдарды бекер дарылайбыз”- деп билдирди. Ушул жерде күмөндүү нерсе жатат. Азыр мал эмес, адамды бекер дарылабайт эмеспи, кандай эле миңдеген малды бекер дарылап калышат? Бир аз убакыттан кийин дагы эле кытайлардын “Жоржи Майнинг” компаниясы кен иштеп жаткан аймактагы жаш балдардын денесине жара пайда болду. Дагы эле экспертиза "бул балдарда боло берүүчү оору" деп чыгышты. Мындай оорулар башка аймактарда Солтон-Сары жайлоосу менен жанаша Сырт жайлоосунда малдар өлбөй, балдардын денелерине жара пайда болбой, кандай эле алтын кенин казып жаткан жерде ушундай күмөндүү  жагдайлар орун ала баштады? Бир аз күн мурда кытайлар тарабынан сабалып, эки кыргыз жараны азыр оорукананын жандандыруучу бөлүмүндө (реанимация) жатышкан экен. “Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чычат” деген ушул эмеспи. Эми бул чактакты чечүүнүн бир жолу жергиликтүү элден, башка аймктардан көз карандысыз коомдук комиссия түзүп иликтеп чыгышы зарыл. Бул иш башка аймактардын элин козгоп коюшу да мүмкүн. Мисалы, Чаткалдагы Кытай кен иштеткен компанияларга каршы эл козголуп кетиши мүмкүн. Айтор, мында маселеге бийлик кылдат мамиле кылуусу зарыл. Мыйзам боюнча жердин ээси жергиликтүү эл, борбордук бийлик эмес!

 

Булак: “Майдан. kg” гезити