Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 86

Бир чымчым...

- Алмаз Шаршенович өзү бир канча жолу мыйзамдарды бузган. Ошондуктан анын бүгүн мыйзамдарга баш ийбей жатканына таң калган деле жокмун. Мыйзамдардагы карама-каршылыктар турмушта негативдерге, саясий кесепеттерге, жакшы нерселерге алып бара турганына күбө болуп келатабыз. Балким, Атамбаев акыры жигитчилик кылып мыйзамдардын талаптарына баш ийип, күч органдарына барып сурак берер. Бүгүнкү системаны  түптөгөн өзү эмеспи, дайыма, биз укуктук мамлекетпиз, мыйзамдарга баш ийишибиз керек деп кайталап келген да өзү болчу. Бүгүнкү укуктук кырдаалды түзгөн да өзү.

Ал соттук системаны эң мыкты ишке ашырганын айтып, соттук системаны коррупционер менен уурулардан тазалагандыгын көп жолу айтты. Атүгүл ал муну декларациялаган, эми ага өзү баш ийиши керек да, эмнеден коркуп жатат? Азыр аны болгону күбө катары гана чакырып жатышпайбы.

Эгерде барбай корко берсе, анда жигитчесинен “Мен “ажыдаарды” түзүп салгам (укук коргоо органдары менен соттук системасындагы), ошондуктан “ажыдаарга” баргандан коркуп жатам, системаны өзүмө ыйлайыкташтырып алган элем, анын кандай иштей турганын билем”- деп ачык айтышы керек.

Болбосо, суракка чакырып аткан тарап андан аркы аракеттерди көрүп, чечкиндүү кадамдарга барышы зарыл.

Булак: "Майдан.kg" гезити