Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 91

 

Алмаз Атамбаев Кой-Ташта журналисттер менен жолугушуусунда Кыргызстандан эч кайда кетпей  турганын билдирди.

 

“Мен мекенимден кайсы бир жакка кетүү ниетте эмесмин. Бир – эки күнгө бир жакка учуп барып келишим мүмкүн. Бирок, ал үчүн кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөр менен шарт керек. Эгер менде ошондой шарт жаралып калса, анда барып келем. Бирок, Кыргызстандан биротоло кетип, өз өлкөмдү жок кылууга мүмкүнчүлүк берет экен деп эч ким кубанбай эле койсун. Бул менин өлкөм, менин мекеним. Мен бул жерде өмүр бою жашайм”, - деди мурдагы президент.

 

 Ал эми чет өлкөлүк кайсы белгилүү саясатчылар аны колдоп жатканы тууралуу кыска гана жооп берди:

 

“Аны менден эмес алардан сураш керек. Негизи мен бул темада сүйлөгүм келбейт. Анткени, айтууга болбой турган нерселер болот”.

 

 Жакында маалымат каражаттарынын бири президент Сооронбай Жээнбековдун Москва шаарына болгон бир күндүк иш сапары тууралуу жазып, президент ал жакка Атамбаев маселесин чечип келүүгө барганын каңкуулаган. Анан да Владимир Путин Атамбаевди Россияга чакырып, “эсине келтире” турганын убадалаганын, андан көп өтпөй мурдагы президентти Россиянын Федералдык бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Андрей Бельянинов чакырганын жазган. Бул боюнча Атамбаев мындай деди:

 

“Андрей Бельянинов менин эзелки досум. Менин Россияда да, башка өлкөлөрдө да досторум көп”.