Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси, “Саякбай манасчы” фондунун башчысы Саматбек Ибраевдин тегерегиндеги чырдын улам жаңы жагдайлары ачыкка чыга баштады. Патриоттук демилгеге жамынып алып, ондогон жылдардан бери бир кесим нанды бөлүшүп жеп жүргөн өнөктөштөрүн кантип сызга олтургузууну чечкенин, компетенттүү органдар анын кызматтык абалынан чочугансып, кол куушуруп олтурганын мурунку макалаларда кеп салганбыз. Теманы биз топтогон жаңы фактылар менен улантабыз...

 

Чатактын чоо-жайы

2007-жылы курулуш материалдарын дүң жана чекене баада сатуу жаатында Саматбек Ибраев менен Шабданов Майрамкул Турдукулович тең өнөктөштүк негизинде “Строймир” компаниясын түптөшөт. Ошондо эле келечекти көрө билген С.Ибраев компаниядагы 50 пайыздык үлүшүн жубайы - Иманкулова Нуржан Ракимовнага каттаткан. Бирок, компания түптөлгөн күндөн тартып, 2015-жылга чейин баш директорлукту Саматбек Кулукеевич өзү жүргүзүп келген. Андан соң 2018-жылга чейин башкы директор болуп компаниянын экинчи кожоюну Майрамкул Турдукуловичтин иниси – Эльдияр Шабданов иштеген. Ал эми 2018-жылдан бери “Строймирде” С.Ибраевдин уулу Данияр Ибраев башкы директор болуп турат.

 

Бизнес-өнөктөштөрдүн ортосундагы чырдын чыгышына жүз миллиондогон сомдордун изсиз жоголуп кеткени себеп болгон. Ибраевдер буга Майрамкул Шабдановду күнөөлөгөн. Буга байланыштуу “Строймирдин” экинчи кожоюну көз карандысыз аудитордук компанияны жалдап, компаниянын финансылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө алууну чечет. Бирок, “кыңыр иш кырк жылда...” дегендей, абийирлери айрандай төгүлүп калаарын билгендиктенби, же башка себеби барбы, Ибраевден аудитке караманча каршы чыгышат. Аудитордук компаниянын кызматкерлерин киргизбей коюшат. Буга байланыштуу, аудитордук текшерүүгө тоскоолдук жараткандыгы боюнча Ибраевдердин үстүнөн бизнес-өнөктөштөрү Финполицияга кайрылышат. Ал жерден дагы жылыш болбогон соң, прокуратурага көзөмөл иретинде кайрылууга аргасыз болушат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып калган. Ошого карабастан, С.Ибраев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси кызматынан пайдаланып, текшерүүгө бут тосуп келатат.

 

Мунун баары бир гана максатты көздөөдө. Учурда Ибраевдердин үй-бүлөсү жана ”Строймир” ЖЧКсынын бухгалтерлери, юристи бизнес-өнөктөшүнө каршы жалган айыптоолорду уюштуруп, рейдерлик жол менен компанияны толугу менен жеке менчиктерине тартып алууга аракет жасоодо. Алардын ар бир кадамы дал ушул максатты көздөп жасалганын аныктоого болот.

 

“Саякбай” менен “Легенда” кайсы акчага тартылган?

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” кинотасмасы кеңири жарнамаланган менен, прокаттан өзүн актабай, ага жумшалган каражат сууга атайын агызып жибергендей, кайтып келген эмес. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси, “Саякбай манасчы” фондунун башчысы Саматбек Ибраев патриоттук духтагы тасма тартуу менен, бир ок менен эки коёнду аткандай.

 

Биринчиси – жеке өзүн улутчул, мекенчил адам катары пиар жасап, кийинки шайлоолорго жакшы даярдык көрүп алды.

 

Экинчиси – фильмди тартуу шылтоосу менен өзүнө караштуу фирмадан бир топ каражаттарды алып чыгып, адалдаштырып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Муну өзү деле жашырбастан, фильмге кеткен каражаттын көп бөлүгүн каржылаганын бир айтып, эки койбойт. Анткен менен, кесепети ак ниет адамдарга тийип жатпайбы. Фирманы жасалма жол менен банкроттукка кептеп, анан күч келгенде калган жарым бөлүгүн тартып алууга умтулганы жалганбы? Андан кийин С.Ибраев “Легенды” фильмин тарткан, бул тасманын бюджети 17 миллион сом. Бирок, бул фильмди эч ким кызыгып көрбөгөн соң, аны тартыштын эмне зарылчылыгы бар эле?

 

Баса, Саматбек Ибраев өзүн улутун сүйгөн эр жигит катары көрсөткөндү жакшы көрөт. Бир нече манасчыларга квартира белек кылгандыгын мактанып айтып келет. Декларациясында андан кедей адам жок да, анан минтип кинолорду тартып, батирлерди белекке таратып жүргөнү эмнеси? “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгосо көп сырлардын бети ачылат го.... Кайталап белгилеп кетүү абзел – “Строймир” ЖЧКсынын абалы учурда мышык ыйлай тургандай. Ибраевдер соктун баарын ичип коюшкандай, куруп жатат. Банктардан кредит алып, салыктарын төлөй албай жатканын билип туруп, фильм-патриоттуулуктун шылтоосу менен оңбогондой каражаттарды чыгарып кетип жатканы так далилдене турган болсо – анда бул адамды жеткен шылуун деп айтсак да жарашып калабы?

 

Баардык үмүт – Сооронбай Шариповичте!

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун: “Коррупция менен каршы күрөштө дос-тууганыма жана ал адамдын мурдагы өлкөгө сиңирген эмгегине да карабайм”- деп жарыя кылганын журтчулук колдоо менен кабыл алган. Себеби, мурда коррупцияга каршы күрөштүн шамалы жогору эшалондогу чиновниктерге жетчү эмес. А азыр болсо премьер-министр, министр, мэр болуп жүргөн адамдар абакта олтурат. Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси кызматынан пайдаланып азыр Финпол, прокуратуранын оозун жаап коюушу ыктымал. Бирок, эгерде президентке анын бул кылыгы жетчү болсо С.Ибраев баш, анын указкасын аткарып, мыйзам талаптарын сактабаган Финпол, прокуратура кызматкерлери төш болуп катуу жазасын алат.

 

Жогортон “звонок” күтүп, кыймылдагысы келбеген Финполициянын кызматкерлери Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнө көлөкө түшүрүүдө. Булардын иш стилинде эч кандай өзгөрүү жок. Мыйзамды сыйласа, эбак эле С.Ибраевди ордуна коюп, бул талаштын чыныгы жагдайлары ачыкка чыкмак. Мисалы, мамлекеттик бюджетти толтура албай жаткан маалда Ибраевдер тарабынан салыкка карызды төлөөгө ашыкпай, кайдыгерлик жасап келгени боюнча өзүнчө иш ачылыш керек болчу да.

 

Айтор, ар кимдин эшигин каккылап, адилеттүүлүккө жете албаганын билгенден кийин, компаниянын экинчи тең кожоюну Майрамкул Турдукулович Шабданов президент Сооронбай Шарипович Жээнбековго кайрылуу жолдоого аргасыз болду.

 

“2011-жылдан 2018-жылга чейин “Строймир” ЖЧКда склад башчы болуп менин тууганым иштеген. Дал ошого байланыштуу, мага карата 4 миллион долларлык курулуш материалдарын жана акча-материалдык ресурстарды чыгарып кетүү боюнча жалган жалаа жабыла баштаган. Ошого байланыштуу, мен бир топ убакыттан бери компаниянын финансылык ишмердүүлүгүн текшерүү багытында көз карандысыз аудит жүргүзүүнү демилгелеп келгем. Себеби, жогоруда айткандай, компания негизделген күндөн баштап жетекчилик жана финансылык ишмердүүлүктүн баары Ибраевдер тарабынан жүргүзүлүп келген, бирок буга чейин бир да жолу аудиттик текшерүү жүргүзүлбөгөн. Эмнегедир, Саматбек Ибраев жана баласы аудиттик текшерүүгө каршы болуп жатышат. Себеби, акыркы окуялар көрсөткөндөй, С.Ибраевдин жашыра турган, корко турган нерсеси бар экендигине шектенүүлөр пайда болду. Анткени, мага жана менин тууганыма карата жалган жалаа жабылган соң, мен өзүмдүн каражатыма жалдап, демилгелеп чыккан көз карандысыз аудитордук компаниянын ишине азыркы баш директор Данияр Ибраев караманча каршы туруп, киргизбей койгон. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Финансы полициясына аудиттик текшерүүгө тоскоолдук кылуу фактысы боюнча кайрылуу да жолдогонбуз. Айта кетүүчү жагдай, бизге белгисиз себептер менен Финполиция кызматкерлери чара көрбөгөн соң, көзөмөл иретинде Бишкек шаарынын прокуратурасына да кайрылууга аргасыз болуп, бул факты Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине киргизилген. Бирок, бүгүнкү күндө да бул багытта тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан эч бир аракеттер көрүлбөй жатат”,- деп айтылат кайрылууда.

 

“Айылбанкка” карызды ким төлөйт?

М.Шабдановдун президентке кайрылуусунда “Строймир” ЖЧКсынын бүгүнкү финансылык көрсөткүчтөрү оор абалга кептелгендиги сүрөттөлгөн.

 

Мисалы, 2018-жылы ”Строймир” ЖЧКсынын атына ОАО “Айыл Банкынан” 3 000 000 (үч миллион) АКШ доллары менен насыя алынган. Бүгүнкү күндө ошол насыянын үстөгү жана салык төлөмдөрү төлөнбөй кечиктирилүүдө.

 

Ошого карабастан, кыска убакытта Ибраев С.К. өзү, анын уулу - “Строймир” ЖЧКсынын генералдык директору Ибраев Д.С. жана башка жакындары аркылуу чоң суммаларга Бишкек шаарынан бир нече жер тилкелери, батирлер жана үйлөр алынганы билинип олтурат. Ошондой эле, Ибраев С.К. тарабынан “Строймир” ЖЧКсынан курулуш кылуу үчүн ири суммага материалдар (арматура, труба ж.б.) чыгарылган. Бул кадамы менен Ибраев С.К. жана анын жакындары “Строймир” ЖЧКсын банкроттук абалга жеткизип, жоопкерчиликтен качуу максатын көздөөдө, себеби, насыя алууда булардын жеке мүлктөрү күрөөгө коюлган эмес.

 

Белгелеп кетчү жагдай – банктан насыя алынып жатканда, күрөө катары М.Шабдановдун өзүнүн, бир туугандарынын мүлктөрү коюлган. Бирок, ал насыяны Ибраевдер каалаганча иштеткен. Аны төлөө жагы буларды ойлонтпойт. “Кимге керек болсо, ошол төлөп алсын!”- деген принципти көздөп жатышканын куралсыз көз менен деле көрүп турабыз го.

 

Дал ошондуктан, М.Шабданов президентке: “Жогорудагы талаш боюнча бүгүн Саматбек Ибраев кызмат абалынан пайдаланып, саясий басым көрсөтүп, ишти өз пайдасына чечип алууга аракет жасоодо. Бул кишинин түздөн-түз кийлигишүүсү билинип турат. Урматтуу Сооронбай Шарипович, андыктан, Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Саматбек Ибраевдин жоруктарына акыйкаттуу баа берүүнү, ал жетекчи болуп келген күндөн берки парламент аппаратынын финансылык абалын, ошондой эле “Строймир” ЖЧКсынын, жана аларга тиешелүү “Телегей” ЖЧКсынын, “Саякбай манасчы” коомдук фондунун финансылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө алууну суранам! Мыйзам баарына бирдей болушу керек!”- деп кайрылып олтурат. Президент өз кызматынан пайдаланган кызмат адамдарынын мындай жоруктарына дароо реакция жасап келет. Бул жолу да ошондой реакцияны күтөбүз!

 

Ажы болуу – жоопкерчиликтен качуубу?

Эми, урматтуу окурман, Сиз мусулман болсоңуз, айтыңызчы, алдамчылык менен күн кечиргени айтылып аткан  адам ажыга барса, анысы кабыл алынабы? Акыркы кездерде “ажылык” статуска жамынып алып, өздөрүнүн былык иштерин жашырган же жүргүзгөн алдар көсөөлөр көбөйүп кетти. Саматбек Ибраев да ажылыкка барып, анан: “мына мен ажымын, таптазамын, ажы адамдар мындай иштерге барбайт...”- деп актанууну көздөп жатабы? Же сапар алдында чындап Кудайдан коркуп, бизнестеги өнөктөшүнон кечирим сурап, ишти оңдоп, бюджетке анан банкка карыздарынан кутулабы? Ким билет, ой... Көрө жатаарбыз...