Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 168

 

Депутат Каныбек Иманалиев экс-президенттен кол тийбестикти алуу саясий заказ эместигине ишендирүүгө аракеттенди.

 

"Акыркы убакта парламенттин дарегине айтылган сын көбөйдү. Негизинен Атамбаевден кол тийбестикти алуу боюнча токтом долбоору кыска убакыттын ичинде кабыл алынганын айтып жатышат. Айрым саясатчылар депутаттар саясий заказды аткарып жатышат деп ойлошту. Ошондуктан шашылыш токтом кабыл алып, комиссия түзө калышты дешти. Бирок парламенттин бардык аракети мыйзам чегинде болду. Башкы прокуратура маселени үч күндө карап бүткөнү боюнча, документти ал турмак үч саатта карап койсо болот болчу", - деди Иманалиев.