Неси болсо да, Рыскелди  Момбеков табиятынан акыйкатчылдыгы бар, айрымдардай хамелеондук сапаты жоктордон эмеспи.

 

Мына ошондой сапатынан улам КСДП экиге бөлүнгөндө Рыскелди мырза АША менен бирге болорун билдирген эле. Ал үчүн Атамбаевге КСДПнын курамынан Фарид Ниязовду чыгартуу шартын койгон. Ал шарт аткарылып, Ниязов партиядан четтетилгенде Момбеков АШАга орун басар болгон эле. Анткени, Рыскелди Момбеков партиянын ичиндеги саясий оюндарга Фарид Ниязовду күнөөлөп, аны менен бир командада боло албастыгын буга чейин айтып келгени бар.

 

Бирок кечээ жакында Атамбаев “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу партия лидерлигинен кетип, убактылуу лидер болуп ЖК депутаты Асель Кодуранова шайланды. Ошону менен бирге Фарид Ниязов кайрадан партиянын башкаруу курамына кирип, шарт бузулду. Рыскелди Момбеков болсо партиянын саясий кеңешинин акыркы жыйындарына катышпай калды.  Атүгүл анын “Форумга” баш бакпай калганын эшиттик. Ошондо Рыскелди мырза Атамбаевден биротоло кол үзүп, аны “пошел” деген болобу?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити