Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 175

 

“Өкмөт башчы Абылгазиевдин тегерегиндеги окуялар курчуп отуруп, кырдаал отставка маселесине келип такалды. Ал каалайбы, каалабайбы, “бажагейт” окуяларынын ачыкка чыгышы менен оюндан жыдыды. Эми анда кеткенден башка жол жок”, - деди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев.

 

Пикиринде, өкмөт башчынын отставкага кетүүсү учурдагы кырдаалдын, саясаттын талабы болуп калды. Ал эми муну жөнөкөй маселе катары кароого болбойт.

 

“Бажасы жана анын баласы боюнча чындык ачыкка чыкты. Андан башка туугандарынын ар кайсы кызматтан төбөлөрү көрүнүп жатат. Бул -   президенттин коррупцияга, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм деген эки жылдан бери көтөрүп келаткан  ишеним туусун жыккандай болду.  Жалпы мамлекетте жүрүп жаткан саясий сызыкка, багытка залакасы тийбеши үчүн Абылгазиевдин кызматтан кетиши керек. Муну оппозициянын кылганы, же бут тосуучулук, каршы туруу катары карабаш керек, мамлекеттин тазалануу динамикасын токтотпойбуз десек, бул маселенин чечилиши зарыл”, - деп белгиледи Каптагаев.

 

Ал Абылгазиев менен инсан катары сый мамиледе экенин билдирди. Тажрыйбалуу жетекчи катары таанырын, бирок курчуган кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу – отставка бардыгын кошумчалады.