Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 629

 

 

 

Мамлекеттик иш сапарлардын форматы өзгөчө мааниге ээ, бирок сырттан көз салган байкоочу  атайын дипломатиялык белгилерди гана көрөт. Кыргызстан жылына эки гана мамлекеттик иш сапарларды кабыл алаарын эске алсак, ар бир мамсапар кылдат мамилени жана терең кароону талап кылат, бул жерде сырткы атрибуттарга басым жасоонун зарылчылдыгы жок. Учурда жетишилген жана келечекте боло турчу  келишимдерди ишке ашырууда кандай тоскоолдуктар жаралышы мүмкүндүгүн түшүнүү кажет.

 

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына биринчи иш сапарын   2019-жылдын 28-мартында  жасады. Анда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы мамилеси түптөлүп, олуттуу келишимдерге кол коюлду.

 

2019-жылдын январында КР Тышкы иштер министрлиги жылдын биринчи жарымында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин  мамлекеттик иш сапары менен келээрин жарыялаган. Бул 2019-жылдын эсебинен Кыргызстанга чет өлкөлүк президенттердин экинчи мамлекеттик иш сапары болот. Эки мамлекеттик сапардын бири биринен кандай айырмасы бар? Форматы да, багыты  окшош– кызматташтыкты тереңдетүү. Бирок, аны менен катар олуттуу айырмачылык да жок эмес.  

 

2018-жылы Кытайга президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик иш сапары менен барганда өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча биргелешкен декларацияга кол койгон. 2013-жылы Кыргызстан менен Кытай эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү боюнча келишимге  кол коюшкан.

 

Ар тараптуу жана бардыгын камтыган стратегиялык кызматташтык кызматташуунун өзгөчө механизмдеринин бар экендигин билдирет. Ошондуктан 2019-жылы ушундай механизмдерди түзүшүбүз керек. Мисалы, КР экономика министрлигин жана КЭР коммерция министрлигин алдында Экономикалык-соода комитети жана “КР-СУАР” иш тобу гана бар. Бул сыяктуу механизмдер стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине дал келет.

 

Өнөктөштүктүн жаңы деңгээли эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери башында турган Кызматташтыктын туруктуу комитетин жана мекемелердин (бажы, соода, ички иштер органдары, маданият ж.б.) деңгээлиндеги кичи комитеттерди түзүүнү талап кылат.

 

Ошондуктан, Кыргызстан Россия жана Кытай менен кызматташтыктын алкагында кызматташуунун үч деңгээли боюнча иш жүргүзүшү керек.  Биринчи деңгээл –  мамлекеттик стратегияларды жана өнүгүү планын бекитүү. Экинчи деңгээл -  механизмдерди жана кызматташуунун тармактарды, секторлорду, облустарды, шаарларды жана райондорду башкаруу кызматтарынын деңгээлиндеги платформаларын бекитүү. Үчүнчү деңгээл – мамлекеттик жана жеке ишканалардын конкреттүү долбоорлорун бекитүү.

 

Бул багыттагы иштерди жүргүзүү Борбордук Азияда жайылган глобалдашуунун ар кандай долбоорлорунан улам татаалданат. Алар:  “либералдуу демократия” батыш долбоору, “халифат” араб глобалдашуусу, түрк “неосманизм”, “корей толкуну”, япондук глокализация (жергиликтүү маданияттын глобалдык мультимаданий цивилизация менен жаңылаштыруунун синтези).

 

 

Демек, Кыргызстандын Россия жана Кытай менен эки тараптуу, “үй шартындагы” же жергиликтүү мамилеси глобалдашуу долбоорлорунун Россия менен Кытайдын көз карашына дал келбеген авторлорунун каршы аракеттерин жаратат.