Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 119

 

«Биздин күчүбүз — элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу байланышты бекемдөөдө», -деп  белгиледи бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү —  келечекке инвестиция» биринчи Форумунда.

 

Иш чара  Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик с визитинин алкагында  өтүп жатат.

 

"Биз Кыргызстанда билим берүү системасын өнүктүрүүнүн көптөгөн маанилүү маселелерин интеграциялык мамилелерибиздин алкагында, Россия Федерациясы менен биргелешкен күч аракет аркылуу чечип жатабыз.

 

Бул максатта 1992-жылы эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу Макулдашуу түзүлгөн.

 

Азыркы учурда Россиянын вуздарында  Кыргызстандын 15 миңден ашуун жарандары билим алып жатышат.

 

Өз кезегинде Кыргызстанда  Россия Федерациясынын 1,5 миңден ашуун жарандары билим алып жатышат.

 

Биз да өз өлкөлөрүбүздө билим берүү жана илим системасын реформалап, билим берүү процесстерин мындан ары өнүктүрүүнүн эң мыкты жолдорун издеп жатабыз.

 

Кыргыз Республикасы узак мөөнөттүү өнүгүү мезгилинде билим берүүнүн сапатын жакшыртууну, илимге таянган технологияларды түзүүнү негизги артыкчылыктуу багыт катары аныктаган.

 

Кыргыз коому жаңы илимдерге, сергек жашоо ыңгайына умтулган, руханий баалуулуктарды барктай билген коом", - деди президент.