Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 820

 

Баткен облусунун эли бийликке ишенбейт. Бул тууралуу саясатчы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

 

Айтымында, чегара аймагында жашаган элдин абалы оор. Мындан улам башка жакка көчүп кеткендердин катары калыңдап баратат. Саясатчы чегара аймагындагы айылдардын бош калуусунун алдын алуу үчүн аларды салыктан бошотуу керек деп эсептейт.

 

 “Элди салыктан бошотуп, жумушчу орундарын түзүп,  жашоо-турмушун оңдосок, ал жактан эч кайда кетпей жашашат. Биздеги маселе бирөө – чегарага жакын аймактардын эли шарттын жогунан башка жактарга көчүп кетишип, ал жерлер коңшу мамлекеттин тургундарынын эсебинде калып жатканы. Мисалы, Ворух анклавы акыркы жылдары бир нече эсеге чоңойгон. Ал жакта жашагандар кыргыз айылдарындагы ээлери көчүп кеткен үйлөрдү, жерлерди сатып алышып, бери жылып келатышат. Учурда Ак-Сай айылында 10 миң адам жашаса, Ворухта 40 миң адам бар”, - деди саясатчы.

 

Ошондой эле, Ташиев эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери кол койгон протоколго токтолду. Ал  протокол кыргыз бийлиги тарабынан коомчулукка көрсөтүлбөй жатканынан шектенди. Айтымында, тажик ММКлары протоколдун мазмунун чагылдырышып, ал турмак айрым бир бөлүктөрүн ачыкка чыгарышты. А биздин бийлик дагы деле жашырып отурушат.

 

“Протоколду элге жарыялоо керек. Ал жерде кандай макулдашуулар болгонун, кыргыз тараптын кызыкчылыгы канчалык деңгээлде корголгонун билишибиз зарыл. Ак-Сай – Тамдык унаа жолун курууга тажик тараптан уруксат алдык деп жатышат. Ал жер кыргыздын жери, анда эмнеге коңшулардан уруксат алуубуз керек? Баткен бир гана ошол жердин тургундарынын жери эмес, ал жер меники, сеники, ар бир кыргыз баласыныкы. Бир чарчы жер үчүн тикебизден тик турушубуз керек. Эгер өкмөт дагы да шалаакылыкка барып, кыргыздын кызыкчылыгын жетиштүү коргобогон болсо, анда эл айтчу кебин айтат”, - деген Ташиев өкмөттөн протоколду коомчулукка чыгарууну талап кылды.