Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 105

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул тууралуу буга чейин да айтылганын, эми алардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу айтып берди:

 

«КСДП - эми расмий түрдө оппозициячыл партия. Ар кандай оппозициялык күчтөрдөй эле биз бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтабыз. Алтернативалуу сунуштарды беребиз. Ошондой эле 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барабыз».

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерген митингде «Жээнбековду бийликке алып келгенине өкүнүп жатканын» айтып, элден кечирим сурады.

 

КСДП - 2010-жылдан бери бийликте турган, өз катарынан эки президент чыгарган ири партия. Ал 1994-жылы түзүлгөн жана ушул тушта мүчөлөрү, Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп былтыр март айында кайра шайланган.