Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 166

 

Абактагы саясатчы Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатында саясий билдирүү жасады.   

 

Ал өзүн мурдагы бийлик мыйзамсыз камаганын, кийинчерээк соттогонун белгилеген.

 

“Муну баары билишет. Мен акыйкаттуулук орногон, мыйзамга баш ийген өлкөдө жашагым келет. Азыр мен акыйкаттуулук акырындык менен калыбына келе баштаганына ишендим”, - деген саясатчы.

 

Ал мурдагы бийликтин учурунда Камчыбек Ташиев менен бирге темир тор артында болуп келгенин эстеген.

 

“Бизди Кумтөр үчүн отургузушту. Аларга миллиарддаган доллар чет өлкөгө кетип, Кыргызстанга салык жана Соцфондко төлөм гана калып жатканын айтуу болбойт экен. Бул салыкты ар бир жаран төлөйт. Кумтөрдөн жылына миллиарддаган доллар чет өлкөгө чыгарылат, а кыргызстандыктар Россия, Казакстан, дагы башка чет өлкөлөргө иш издеп кетүүгө аргасыз. Ошон үчүн Камчыбек Ташиев Акүйдүн дарбазасынан секирген”, - деп белгилеген саясатчы.

 

Ошондой эле ал Жерүй, Иштамберди, Мегаком маселелерин да көтөргөнүн билдирди. Мегакомду бийлик сатууга аракеттенгенде бир гана ал каршы чыккан.  

 

Эске салсак, 11,5 жылга соттолгон Садыр Жапаровду апасынын көзү өтүп кеткенине байланыштуу бийлик акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга убактылуу бошоткон. Эки желдет коштоп келген саясатчы кайра 9-марттын кечинде абакка кайтты.