Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 146

 

Саясатчы Азимбек Бекназаров күчтүү оппозициялык партия түзүү ниетинде жүргөнүн билдирди. Ал учурда ушул багытта иштеп жатат.

 

Айтымында, 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоого түзүлчү партия катышышы мүмкүн.

 

“Азырынча бул ниет гана. Биз мурда эгер мамлекет башчы курултайда коюлган реформаларды колдоого алса анда президентти колдой турганыбызды айтканбыз. Азыр биз  максат жана багыты бизге окшош уюмдар менен иштешип жатабыз. Биз чогуу бир чоң партия курашыбыз мүмкүн”, - деди Бекназаров.

 

 Айтымында, ал партияга кирчүлөрдүн арасында  экс-президент, экс-спикер, мурдагы депутаттар, башпрокурорлор, соттор бар.