Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 225

 

- Мурат Каленович, Кыргызстанда кадр саясаты качан болсо сынга кабылып, кайсыл бийлик келсе да, аксап келет. Ашмалтайы чыккан кадр саясаты боюнча нелерди айта аласыз?

 

- Сталиндин, “кадры решают всё!”,- деген сөзүн дайыма мисал кылганды жакшы көрөбүз. Бирок, аны деле, жөн эле билимдүүсүнүп эле айтып коет окшойбуз! Ачык айтканда, биз эгемендүүлүкө ээ болгондон бери, кадр саясатынан аксап келгенибиз-келген. Ал эми, акыркы жылдарда аксамак турсун, чолок болуп калганыбызды деле байкабай калыптырбыз. Мисалы, мына экс президент айдоочусунан-ашпозчусуна чейин, кызарган орундарга отургузуп жатып, биздеги мамлекеттик кызматтын дагы, ага кошуп мамлекеттик сыйлыктын дагы аброюн айрандай эле төктү. Акыркы жыйынтыгы ушул, анын, “эл эмне дейт?”,- деген сөз эстерине келбеген жигиттери, “күн көрбөгөн күндүзү,- чырак жагат” болушуп, “калканычым турганда, калк каргышы кеп болбойт”,- деп оңду-солду эл ырыскысын “ашап”, эми ашмалтайлары чыгып абакта отурушкандыктары калппы? Негизи атамзамандан бери эле, “эл тараза, эл сынчы!,- дегендей, майда дебей, чоң дебей ким кандай кызматка барбасын дайыма эл сынында, калк таразасында болуп келишкендиги чындык да. “Калк айтса, калп айтпайт”,- дегендей калк таразасынан калыс эч нерсе жок! Мына мен деле, республикалык маанидеги эң жогорку кызматтарда иштеп кеткендерди шүк коюп эле, өзүмө жакын Ысык-Көл областындагы иштеп кеткен баш бакандарыбыз жөнүндө айта кете турган болсок, Көлдүктөр, тээ Совет мезгилин эске салуу менен бирге, көлдө жетекчи болуп кетишкен: айтылуу Арыстанбек Дүйшеевдин ишмердүүлүгүн, Абсамат Масалиевдин кристалдай тазалыгын, Апас Жумагуловдун элди шашпай уга билгендигин, Жумгалбек Аманбаевдин чукугандай сөз тапкан чечкиндүүлүгүн, Хрестенковдун болжураган жооштугун, Темпи Дүйшеевдин бар жогу билинбей калгандыгын саймедиреп, санжырасын айтып келишсе, андан кийин элибиз эгемендүүлүккө жетишкенден кийин алгачкы губернаторлук такка конгон, айтылуу Жумагул Сааданбековдун, Бориске жапкан карышкыр ичиги менен, “охлакратия” өндүү философиялык терминдерин, Тойчубек Касымовдун трашманке жүрбөс жолдору менен, классташ “ханайымды” тозгондогу кызыктарын, Жусупбек Шариповдун айкөлдүгү менен, Кегенге кура албай кеткен базарын, Э.Анапияевдин улуу тоодо улар аткан анчылыгы менен, акваланг болуп, көлдүн түбүнө түшүп ойногон “пионердигин”, Токон Шайлиева эжекебиздин кара көз айнеги менен баш аламан, кадрдык проектисин, И. Молдоташевдин эмчилигин, Эсенгул Өмүралиевдин тоо бузган токтоолугун, Кыдыкбек Исаевдин оргу-баргы орус мүнөзү менен, “көчүгү жер жыттабай”, Көлдү чарк айланып жүргөндүгүн дайыма кеп кылышып, узун чежиресин чечип келишет. Анан эмне болду? Апрель окуясы болду? ...Болоору жакшы эле болду, ушул тогуз жылда Көлдө, 5- жетекчи алмашып, азыр алтынчысы алгачкы кадамын баштап отурат! Чынын айтканда кайран көлдүк Санчы сынчыларыбыз кийинки, келип кеткен губернаторлорду сындамак турсун, санаганга да үлгүрө албай калышты! Бул эмне дегендик? ...Бул “КАДРОВЫЙ ЧЕХАРДА!”,- дегендик! Эми биздин эң негизги милдетибиз тез арада ушул биздин кендирибизди кескен “кадровый чехарданы” токтотуп, адис тандоодо “бармак басты, көз кыстыдан” толук арылышыбыз керек! Өткөндөн сабак алуучу учур накта келди. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр Көлгө кезектеги жаңы жетекчи келип жаңыдан иштей баштады. Чыны, Акылбек Шарипович жөнүндө, алгачкы элдин пикири жаман эмес, жөнөкөйлүгүн, орунду сөзүн, тактыгын, эл жылуу маанайда айтып калышкандыктарын угуп калып жүрөбүз. Жогору жакта дагы, жогорку кызматтарга Досаалы Эсеналиев, өңдүү таза азаматтардын келиши жалпыбызды кубантып, үмүттүн отун тамызып турган чагы... Ушул саамалыкты илгээрилетип, жакшылап улап кетсек, келечектен үмүтүбүз жакшы эле...

 

 

 

Чынайым Кутманалиева