Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 107

 

 

Бир караганда анын бул сапарында эч кандай деле чуулгандуу жагдай жок болчу. Алдын ала айтылгандай, он күн эс алып, ден-соолугун чыңдап, кайра келмек экен. Мурда деле, былтыр Бишкектен Москвага барып, Бишкектин экс-мэри Н. Түлеев менен селфи кылганда “Атамбаев кайра келбейт, качты...”,- деген сөздөр коштоп, көп өтпөй кайра келген. Бирок экс-президент Индияга болгон кыска мөөнөттүк эс алуусун кийинкиге жылдыргандыгын КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

 

Мунун алдында социалдык тармактардын колдонуучулары Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө кеткени жатканын, бирок бийлик аны чек арадан чыгарбай коюшу мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Себеби ал жакта А.Атамбаевдин бийликте турганда Индияга куруп койгон санаториясынан тышкары 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү, өлкөдөн чыгып кеткен Надира Сатыгул кызы да башпаанектеп жүргөнү, анын убактылуу өлкөдөн чыгып кетишин экс-президент сунуш кылгандыгы бийликтегилерди көбүрөөк чочутууда. Баса, былтыр жыл соңунда өткөн элдик курултайдын катышуучулары А.Атамбаевди чет өлкөгө чыгарбоо тууралуу Президенттин аппаратына сунуш киргизген болчу. Ошондуктан баскан жеринен, сүйлөгөн сөзүнөн ызы-чуу чыгарып, жөн жүрбөгөн А.Атамбаев дагы бир “бомбаны” жарып жибербесин деп чочулаган бийлик, чек арадан ар кайсы шылтоонун башын айтып, чыгарбай коюшу мүмкүн эле. Мындан тышкары экс-президент азыр миллиарддаган сом акчаларын кайда катарын билбей, сыртка чыгарып кетүүнүн аргасын таппай атат деген да имиштер айтылууда.

 

 

 

 

“Майдан. kg” гезити