25-декабрда Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго саясий туткун Өмүрбек Текебаевге боштондук берүү суранычы менен кайрылуу жасаган. Аны Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери да колдоого алышкан.
Бирок, кечээ президенттин алдындагы комиссия экс-президенттик кайрылуусун карап чыгып, жообун жарыялады. Комиссиянын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев мыйзам боюнча ырайымды айыпталуучу өзү сураш керек экенин билдирди.
Айтымында, Отунбаеванын кайрылуусундагы материалдарды Текебаевге тааныштырышканда, ал ырайым суроо өтүнүчүн жазуудан баш тарткан. Анын ордуна саясатчы "мага тагылган айыптарды моюнума албайм, ырайым сурабайм", - деп жазган.
"Мындан улам Роза Отунбаеванын өтүнүчүн кароонун предмети жок деп таптык", - дейт Кыдырбаев.
Ал эми Роза Отунбаеванын комиссиянын мындай кортундусун "отписка" деп сыпаттады. Бул тууралуу пикирин "Азаттыкка" мындайча билдирген:
"Муну бюрократиялык “отписка” деп коёт. Мен мурунку президент катары, мага кошулуп жалпы парламент, алты фракциянын башчылары, саясий институттардын башчылары кол коюп, менин суранычымды жактап жатса бир бюрократ "бир кагазы жетишсиз болуп жатат, мен мыйзамды ушундай көрүп жатам" деген жоопту түртө салып жатат. Биздин маселени саясий өңүттө караш керек. Азыркы кесилип жаткан, саясий туткун дегендердин баары мурунку режимдин тушунда туура эмес кесилген. Бир топ акыйкатсыз чечимдер чыккан болчу. Аны эмнеге жаңы президент өзүнө жүктөп алышы керек? Эмнеге 1,5 жылдан бери аны өзүнүкү кылып кармап отурат? Башка өлкөлөрдө, автократиялык-диктатордук режим кетеби же демократиялык режимдер өзгөрүп жатабы - мурунку туткундарды чыгарып жатышат. КМШ чөлкөмүндө деле, Орусияда, Өзбекстанда, Азербайжанда, ошол эле Түркмөнстанда президенттер күнөөлүү деген адамдардын суранычы жок эле ырайым берип жатышат. Текебаев ырайым сурабай турганын мурда эле кесе айткан. Биз ошону билип туруп "режим өзгөрдү, жаңы президент келди" деп суранганбыз. Аны алты фракция лидерлери, парламент колдоду. Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары билишчү, алар мыйзамды жазган, аны көзөмөлдөгөн адамдар".