Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 174

 

Маалымат жыйынында президент Өмүрбек Бабановдун ишине кийгилише албашын дагы бир жолу кайталады. 

 

"Бул, же башка ишке эч кимдин кийлигишкенге акысы жок. Мен аппаратка да ушуну айттым. Азыр жогору жактан сот ишине эч ким кийлигишпейт. Сот бийлиги өз чечими үчүн эл алдындагы жоопкерчиликти өзү алат. Эгер сот туура чечим кабыл алса Жээнбеков жакшы, туура эмес болуп калса Жээнбеков жаман деп айтууга болбойт. Президенттик аппараттын ар бир өкүлү кийгилишүүгө болбой турганын жакшы билишет. Ар бири өз ишин кылат", - деди президент. 

 

Ал Бабановдун иши боюнча иликтөө кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат алаарын айтты. Ошондой эле, Бабановду атаандашындай көрбөй турганын белгиледи. 

 

"Ал саясаттан кеттим деген. Мен дагы беш  жылдан кийин өлкөнүн катардагы жараны болгум келет. 2023-жылдан кийин саясатка аралашып, шайлоого барууну каалабайм", - деп кошумчалады.