Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 301

 

Сооронбай Жээнбеков Матраимовдор ал КСДПга келгиче эле аталган партиянын мүчөлөрү болгонун билдирди. Бүгүн мамлекет башчы маалымат жыйынын өткөрүп жатат. 

 

"Көрүп жатасыздар, коррупция менен күрөш жүрүүдө. 200дөн ашуун кылмыш иши козголду. Алар тандалма болуп ачылган жок. Системалуу күрөш жүрүп жатат. Айрыкча, жогорку постторду ээлеген аткаминерлер текшерилүүдө. Матраимов боюнча айтчу болсом, сегиз жыл бою ага эч ким көңүл бурган эмес, анын коррупцияга малынганы тууралуу да эч нерсе айтышпады. Өткөн жылы мен президенттикке келгенден баштап айта башташты. Анан да аны менин адамым кылып коюшту. Матраимовдор КСДПга мен келе электе эле анын мүчөсү болушчу. 2011-жылдагы шайлоодо партия үчүн жакшы иштешкен. Райымдын агасы парламент депутаты. Сегиз жыл бою жакшы болуп келатышып эле, мен президент болоорум менен коррупционер болуп чыга келишти. Мен буга  таң калам. Анын соттон утуп алганын уктум. Аны да мага байланыштырышты, жардам берди дешип. Коррупция менен күрөш баарына бирдей, ал мага тууганбы, же чоочун адамбы - айырмасы жок", - деди президент.