Мамлекет башчы президенттик шайлоо учурунда эч ким менен эч кандай келишимге барбаганын билдирди. Бүгүн мамлекет башчы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын берип жатат.
Ал Өмүрбек Бабановдун ишине кийгилишпей турганын айтты. Айтымында, Бабанов менен шайлоо алдында теледебатка чыккандан бери кездеше элек. Ал эми анын экс-президент менен кандай келишимге барганы тууралуу маалымат жок.
"Мени саткынчы деп айтып жатышат. Бирок, мен Кыргызстан элинин кызыкчылыгын сатпайм. Бизде эки революция болду. Ага кандай себептер жеткиргенин жакшы билгендиктен ал жолго эч убакта түшпөйм. Бабановго кылмыш иши ыксыз ачылды деп айтып жатышат. Президент кылмыш ишин ачып, же жаап кое албайт, мыйзам иштеши керек", - деди ал.