Сооронбай Жээнбеков Алексей Василивецкий менен жолугушканда анын башка өлкөнүн жараны экенин билбеген. Бул тууралуу бүгүн өткөрүлүп жаткан жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.
Мамлекет башчыга президенттик шайлоо учурундагы КСДПнын "кара кассасы" жөнүндө суроо берилди. Ошондой эле КСДП менен 2010-жылдан тартып иштешип келаткан Россиянын пиар-технологу Алексей Василивецкий менен кандай байланышы бардыгы да журналисттерди кызыктырды.
"Оштун губернатору болуп турганымда Алексей Василивецкийге интервью берүү үчүн жолуккам. Мен анын башка өлкөнүн жараны экенин билбегем. Ал анда Фарид Ниязовдун кеңешчиси болчу. Ал киши жөнүндө мыкты адис деп айтышкан. Менин кеңешчилерим аны менен иштешүүдөн баш тартышкан. Эгер ал 170 миң доллар алган блсо, келип, айтсын. Фарид Ниязов да шайлоо штабынын жетекчиси катары жооп бериши керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Ал 2018-жыл начар эмес жылдардан болду деп эсептээрин билдирди.
Айтымында, коңшу өлкөлөр менен ынтымактуу болуу керек деген тилегин иш жүзүнө ашыра алган.
"Экономика өсүп жатат, аймактар өнүгүүдө. Бул багытта дагы да иштей беребиз", - деди мамлекет башчы.