Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 201

 

Мамлекет башчысынын жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйыны бүгүн саат 11де башталат. Саат 12.30га чейин Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берет. 

 

Алмазбек Атамбаевдин убагынан айырмаланып бул сапар оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн да чакыртылды. Бирок, бул жолку маалымат жыйыны мурдагылардан өзгөчөлөнүп, президентке суроо берүү микрофонго кезекке туруу менен эмес, алдын ала президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева аркылуу жазылуу жолу менен гана ишке ашырылаары белгилүү болду. Бул жыйынга катышуу алдында турган журналисттердин нааразычылыгын жаратып, акырында кайрадан мурдагыдай кезекке туруу тартиби калыбына келтирилди. 

 

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, мамлекет башчысынын маалымат жыйынына 85 ММКнын 175тен ашуун өкүлдөрү катталышкан.