Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 171

 

 

КСДП фракциясынын көпчүлүк депутаттарынын добушу менен Асель Кодуранова вице-спикерликтен алынды. Бул маселени талкуулаган фракциянын жыйыны жабык эшик артында өттү. 

 

 

Эске салсак, 12-декабрдагы парламент жыйынында  төрагалык кылып жаткан вице-спикер Асель Кодуранова экс-депутат Өмүрбек Бабановго карата саясий куугунтук маселесин күн тартибине киргизген. Бирок, спикер Жумабеков бул маселени алгач комитеттерде карап, андан кийин гана пленардык жыйынга алып чыгуу керектигин айтып, күн тарбининен кайра алынган. 

 

КСДПга Кодуранованын ушул кадамы жакпай калып, жыйынтыгында вице-спикерликтен алып түшүштү.