Кыргызстанда жаштар жалпы калктын 30 пайызга жакынын, мындайча айтканда, үчтөн бирин түзөт. Бул кыйла чоӊ катмар, өтө зор күч. Ошондуктан, бийлик бутактары жаштардын кандай гана маселеси болбосун колдоп, аларды чечүү аракетин көрүшү шарт. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеӊеште "Реалдуу сунуштардын аянтчасы" темасында өтүп жаткан «Жаштар платформасынын» жүрүшүндө билдирди.
«Айрым жаштар Кыргызстан өзүнөн өзү эле мамлекет катары калыптанып калгандай карайт. Мындай пикир туура эмес. Анын түптөлүшүнө Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов сындуу кыргыздын алгачкы интеллигенция өкүлдөрүнүн салымы зор. Алардын көбү жаштар болгон. Керек болсо, кыргыз мамлекети үчүн өз өмүрүн беришкен. Мына ушуларды кыргыздын чыныгы саясий элитасы катары карсак болот», - деди Жанар Акаев.
Депутат саясатчылардын арасында жаштарды саясатка ашкере тартып, аларды саясатташтыруунун зарылдыгы жок дегендей да көз караш бар экенин, мындай пикир жаӊылыштык болорун баса белгиледи.
«Жаштар азыртан саясатка аралашып, өлкөнүн өнүгүшүнө байланыштуу демилгелерди көтөрүп, бийлик бутактары менен биргелешип иш алпарышы керек. Мисалы, мен дагы парламентке жаштар квотасы боюнча келгем. Ошондон улам, жаштар менен жигердүү иштешүүгө аракет жасап келем. Жаштардын кызыкчылыгын коргоо, алардын демилгелерин колдоо – менин башкы милдетим», - деди депутат.